Митингге чыккан айдоочулар Р.Отунбаеванын чыгышын талап кылышууда

Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыккан 200гө чукул жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары Убактылуу өкмөттүн өкүлү менен жолугушуудан баш тартышты. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Чогулгандар Кара-Көл, Сосновкадагы алынып салынган таразаларды кайра коюуга нааразы болушууда. Митингге чыккандардын бир бөлүгү жүк ташуучу унаалары менен Улуттук телерадио корпорациясынын имаратынын алдына барып, түз эфир берүүсүн талап кылып жатышат. Ошондой эле айдоочулардын өкүлү Малик Жунушалиев “Азаттыкка” кытайлык жүк ташуучу унаалардын Кыргызстанга киргизилишине нааразы болуп жатканын кошумчалады. (КЕ)