Кытай армиясынын жетекчилиги АКШ менен аскерий алакага анчалык кызыкдар эмес

Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Сингапурда жүргөн жеринен билдирди. Анын айтымында, Кытайдын аскерий жетекчилиги саясий жетекчиликке караганда АКШ менен мамилеге анчалык кызыкдар эмес. Бээжин Пентагондун башчысынын ал жакка белгиленген визитин токтотуп койду деген маалыматка АКШ коргоо министри мына ушундай реакция жасады. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү бүгүнкү пресс-конференцияда АКШ менен аскерий алмашуулар маанилүү экенин белгиледи, бирок визит эмне үчүн токтотулганы боюнча түшүндүрмө берген жок. Вашингтондун Тайванга жалпы наркы 6 миллиард доллардык курал сатуу боюнча жыл башындагы чечими Бээжиндин кыжырдануусун жараткан. Кытай Тайванды өзүнүн бир бөлүгү катары эсептейт.