Жакынкы Чыгыш квартети бүгүн жыйынга чогулат

 Жыйында Израилдин гуманитардык кемелерге каршы өткөргөн операциялары талкууланат. Квартетке АКШ, Россия, Улуттар Уюму жана Евросоюз кирет. Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун 31-майдагы окуяны эл аралык деңгээлде иликтөөнү сунуш кылган эле. Кечээ Франциянын жана Британиянын тышкы иштер министрлери Бернар Кушнер менен Уилям Хейг да эл аралык коомчулукка ушундай сунуш менен кайрылышты.