Техас штатында газ кууру жарылды

Кырсык АКШнын Даллас шаарына жакын жерде болду. Кырсыкка бургулоо иштери себеп болгону айтылууда. Үч киши набыт кетти, он чакты кишинин дайыны чыкпай жатат.