Жалал-Абад облусу селдин кесепетинен арылууда

Суу бузган Ош- Бишкек жолунун 563-чакырым жээгин 22-жол ишканасы оңдоодо. Сел жүрүүчү каналдар менен дарыя жээктери бекемделүүдө. “Кызыл жарым ай” коому менен чукул кырдаал министрлигинен келген чатыр, төшөнчүлөр жабырлануучуларга таркатылды. Жалал-Абад шаары менен Сузак жана Базар-Коргон райондорунда сел баскан айыл- кыштактарды тазалоого үй ээлери менен куткаруучулар жана студенттер катышууда. Үй кыдырган дарыгерлер жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн жабырлануучуларга дары-дармек беришти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында 5-6 июндагы селде Жалал-Абад шаарынан 480 үй, Сузак районунда 11 айыл-кыштак жабыр тарткан. Чукул кырдаал министрлиги Базар-Коргон районунда жабыркаган 600 үй-бүлөнүн экөөсү баш баанексиз калганы. 30 үй-бүлө коркунучтуу жайда турганы, 600 гектар аянтты суу каптаганы жөнүндө маалымат таркатты. (YA)