Стамбул кеңешмеси аяктады

Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча жыйындын катышуучулары корутунду декларация кабыл алышты. Документте Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Улуттар Уюмунун резолюцияларын так аткарууга чакырык айтылат. Терроризм айыпталат жана курал-жарактарга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы белгиленет. Кеңешмеде Израил 31-майдагы окуя үчүн сынга алынды, бирок декларацияга ал киргизилген жок.