Бишкекте Баш мыйзамдын атаандаш долбоору талкууланат

Бүгүн конституциялык реформалар боюнча “Эркин тандоо үчүн” деп аталган жыйын өтөт. Иш-чаранын уюштуруучулары маалымдагандай, жыйын конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү, коомдук уюмдар жана саясий партиялардын демилгеси менен өткөрүлүүдө. Анда референдумга коюлчу маселелерди өз-өзүнчө бюллетенге чыгаруу маселелеси каралат. Баш мыйзамдын атаандаш долбоору сунушталат. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү башында турган топ иштеп чыккан баш мыйзамдын долбоору 27-июнда референдумга коюлат. (EBM)