Ош облусу селден 100 миллион сомдон ашык зыян тартты

Ушул айдын башында нөшөрлөп жааган жаандан жүздөн ашуун чарбалык турак-жай кыйрап калды. Селден көбүнчө Араван менен Ноокат райондору жапа чекти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кырсыгы менен келген зыянды аныктап жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатат. (EBM)