Нидерландияда парламенттик шайлоо аяктады

Алгачкы маалыматтарга караганда либералдар менен лейбористтер 31 мандат ала тургандай. Оңчул радикалдуу Эркиндик партиясына парламенттен 23 орун, азыркы премьер-министр Ян Петер Балкененденин христиан демократтар партиясына болгону 21 мандат тийиши мүмкүн.