Референдумда Орусиядагы мигранттар үчүн бардык шарттар түзүлөт

Бул тууралуу Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуров бүгүн Бишкекте өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, шайлоо бекеттерине имарат, керектүү техника жана башка каражаттар бекер берилет жана шайлоонун жүрүшү тууралуу башталгандан тартып, бүткөнгө чейин төрт ирет маалымат берилип турат. Ошондой эле В.Чуров 2009-жылы болгон президенттик шайлоодо Орусияда 21 шайлоо бекеттери ачылып, шайлоого 143 миңдей эмгек мигранттары катышып, 120 миңи добуш бергенин кошумчалады. Ал өзүнүн Кыргызстанга келишинде саясий өңүт жок экендигин айтты.
В.Чуров Кыргызстанга кечээ, 9-июнда келген. (КЕ)