Голландияда улутчулдар ийгиликке жетишти

Голландиядагы парламенттик шайлоодо антисламчыл “Эркиндик үчүн партия” марага 3-болуп келип, 24 мандатка ээ болду. Азырынча добуштардын 95 проценти саналып бүттү. Шайлоону жеңген “Либералдар Элдик" партиясы Гирт Уилдерс жетектеген улутчулдар менен коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн четке какпайт. Премьер-министр Ян Петер Балкененденин “Христан-демократтар" партиясы 4-орунду ээлегенден кийин, ал партиянын лидерлигинен кетти. Ал эми экинчи болуп келген Эмгек партиясы Уилдерс менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн четке какты.

Соңку расмий эмес жыйынтыктар бүгүн кечинде белгилүү болот деп күтүлүүдө.