Бүгүн футбол боюнча дүйнө биринчилиги башталат

Чемпионаттын ачылыш салтанаты Иоханнесбург шаарындагы Soccer City стадионунда болот. Мелдешке 32 өлкөнүн командасы катышат. Оюнжар Түштүк Африка республикасынын тогуз шаарында өтөт. Биринчи оюнда Түштүк Африка менен Мексиканын улуттук командалары беттешет. Чемпионат бир айга созулат.