Ошто каза болгондордун саны дагы бир кишиге көбөйдү

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, азырга чейин 835 адам жабыркап, 63 адам каза тапты. 431 адам ооруканага жаткырылды. Жабыркагандар арасында медицина кызматкери да бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынан бир канча тез жардам унаасы жарактан чыккандыгы айтылууда. (КЕ)