АКШ президенти бүгүн улуттук телеканалдан сүйлөйт

Барак Обаманын сөзү бүт бойдон Мексика булуңундагы экологиялык кырсыктын кесепеттерин жоюуга арналат. Кечээ Обама жапа чеккен райондордо төртүнчү ирет болуп келди. Бузулган мунай скважинасынан эки айга чукул мезгилден бери күнүнө жүз миңдеген баррел кара май деңизге агып чыгып жатат. Аны токтотуу боюнча British Petroleum компаниясынын аракетинен майнап чыга элек.