ЖККУ Кыргызстанга аскер эмес, адис жиберет

Россия башындагы Жамааттык Коопсуздук Келишими уюму (ЖККУ) 17-июнда билдиришинче, ал Кыргызстанга тынчтык күчтөрүн жайгаштырбайт, коопсуздук боюнча адистерди гана жөнөтөт. Алар, ЖККУнун башкатчысы Николай Бордюжанын сөзүнчө, алты күн мурда башталган чатакты уюштурган адамдарды иликтөөгө көмөктөшөт.