Маданий мекемелер жабыркаган аймакка 559 миң сом жардам чогултушту

Маданият министрлиги жана министрликке караштуу музыкалык окуу жайлар, театр, китепкана ж.б. бир катар маданий мекемелер Ош жана Жалал-Абад облустарына 459, 776 сом өлчөмүндө каражат чогултушту. Жабыркагандарга жардам иретинде керектүү азык-түлүктөр даярдалган. Учурда атайын чоң унаа менен аталган облустарга жөнөтүлгөнү турат.

Ошондой эле жардам колун сунган маданият, искусство ишмерлери тарабынан 100 000 сомдун тегерегинде акчалай каражат чогулду. (КС)