Өзбекстандан качкындар кайрылып келүүдө

Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан бүгүн кабарлашты. Өткөн түнү “Кызыл-Кыя” чек ара бекетинен - 2 миң 528, “Маданият” бекетинен – 150 жана “Халмиондон” – 75 өзбек кайра Кыргызстанга кирген. Мындан тышкары “Сакалды”, “Марказ”, “Аркасай”, “Шамалды-Сай” чек ара бөлүктөрү тарабынан да өзбектер кайрылып жатканын кабарланууда. Чек ара кызматына ылайык, баш аягы өткөн түнү 4 миң 559 адам Кыргызстанга кайрылды.

Ошондой эле ушу тапта Сузак районундагы Сахмат деген жеринде 50 жакын киши топтолуп, жакындарын Өзбекстандан тосуп алуу үчүн күтүп жатышат. Алардын арасында Өзбекстанга чыгып кетем деген өзбек улутундагы адамдар да бар.

Ушу тапта “Сейдекум” чек ара бекетинде да 8 миң адам чогулуп Өзбекстандан жакындарын күтүп турушат. Аларга Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы отряды көзөмөл салууда. (EK)