Ош, Жалал-Абад шаарын кайра-куруу жана өнүктүрүү дирекциясы түзүлдү

Убактылуу өкмөт ишембиде ушундай чечим кабыл алганын Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган дирекция кыска мөөнөттө Ош, Жалал-Абад шаарларынын генералдык планын иштеп чыгып, эки шаарда көп кабаттуу турак-жайлар, заманбап курулуштар курулуп, Ош шаары Кыргызстандын түштүктөгү борбору макамына толук жооп бергендей болот.
Т.Сариев ошондой эле Убактылуу өкмөттүн дагы бир Декрети менен Ош, Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргондогу талкаланган айылдардын тургундары 2,5 жылга (2010-жылдын июнь айынын 2012-жылдын декабрына) чейин НДС, соцфонддон башка бардык салыктардан, патент төлөмдөрүнөн бошотулуп, кичи жана орто бизнеске колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. (AJ)