К.Турдумамбетов: Бакиевчилер эки айда 4 жолу баш аламандык уюштурду

Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун прокурору Каныбек Турдумамбетов билдирүү таратты. Анын маалымдашынча, Бакиведин жакын туугандары жана анын санаалаштары үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинен 14-июнуна чейинки убакытта өлкөдө коомдук-саясий кырдаалды бузуу максатында 4 жолу массалык баш аламандык уюштуруп, алар адам өмүрүн алып кеткен окуялар менен коштолгон.

Облпрокурор Жалал-Абаддагы баш аламандыктар боюнча Акмат, Каныбек Бакиевдерге, Пайзуллабек Рахмоновго, Кубанычбек Төрөбаевге карата массалык баш аламандыктарды уюштурган, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактаган деген айып менен кылмыш иши козголгонун белгиледи. (AJ)