Австралияда бийликке алгачкы аял премьер-министр келүүдө

Бийликтеги Лейбористтик партия премьер-министр Кевин Руддун ордуна орун басары Жулия Гиллардды алып келди. Кевин Руддун өкмөт башчы катары эл арасындагы бедели саясаттагы айрым калпыстыктарынан, анын ичинде айлана-чөйрөнү булгаган ишканаларды акча төлөтүү боюнча планды токтото туруу жөнүндөгү чечиминен улам кескин төмөндөп кеткен.