Футбол боюнча дүйнө чемпионатында Бразилия менен Португалия ойнойт

Бул - бүгүнкү күндүн эң бүйүр кызыткан мелдеши. Алардан сырткары бүгүн Түндүк Корея менен Кот-Дивуар, Испания менен Чили, Швейцария менен Гондурас ойнойт. Кечээги мелдештин жыйынтыгында Словакияга 3:2 эсебинде утулган Италия дүйнөлүк чемпионаттан чыкты. Кийинки айлампага кечээ Словакиядан башка Парагвай, Нидерландия, Жапония өткөнү анык болду.