“Ата Журт” партиясы саясий куугунтук жана каралоо жөнүндө билдирүү таратты

“Ата Журт” партиясынын бүгүн таркатылган билдирүүсүндө УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаевдин түштүктөгү окуяларга партия мүчөсү Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар деген кечээки билдирүүсүнө жооп айтылат. Билдирүүдө Жалал-Абаддагы кырдаалды турукташтырууда Камчыбек Ташиевдин ролу чоң болгону белгиленип, аны чагымчылык үчүн күнөөлөө натуура экени жазылган. “Убактылуу өкмөт саясий атаандаштарын мурунку бийликтин сценарийине салып куугунтуктап, каралоодо. Тартип коргоо органдары болсо жарандардын коопсуздугун камсыздабай эле башкача ой жүгүрткөндөргө жана ишкерлерге ыдык көрсөтүп жатышат,” –деп жазылат билдирүүдө. Партия башчылары “Коопсуздук боюнча улуттук кеңеши жана Ички иштер министрлиги жарандардын ички коопсуздугун камсыздоодо өзүнүн алсыздыгын көрсөттү, андыктан бул органдар жетекчилери кызмат ордуларынан чегинишсин” деген талап коюшууда. Анткени алардын айынан “өлкөнүн туштүгүндөгү окуялардан бир миллиондой адам жапа чегип, 400 миңдей адамдар качкын болуп, добуш берүү укугунан ажырашты”.

УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев бир мурда маалымат жыйынында түштүктөгү кан тополоң окуяларды Бакиевдер эл аралык террорчуларды жалдап туруп уюштурганын, мурдакы режимдин убагында иштеген Камчыбек Ташиев сыяктуу айрым атка минерлер аларга тымызын колдоо көрсөткөн аракетте болушкан деген шек болуп жатканын, азыр алардын ролу канчалык экендиги иликтенип жатканын билдирген болчу.(EK)