Бүгүндөн тарта коменданттык саат алынды

Ош жана Жалал-Абад облустарында чыккан жаңжалдан улам киргизилген коменданттык саат бүгүнтөн баштап токтотулду. Бул эртең, 27-июнда боло турган референдумга карата Убактылуу өкмөттүн декретине ылайык ишке ашкан. ИИМдин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Мындай аймактарды 8-9 милиция кызматкерлери жана элдик кошуун өкүлдөрү кайтарууга алмакчы.

Коменданттык саат 10-июндан 11-июнга караган түнү саат экиде Кыргызстандын түштүгүндө жаңжал башталгандан кийин киргизилген. Коменданттык саат референдумдан кийин болоор-болбосу азырынча расмий айтыла элек. (КЕ)