НАТО билдирген кабарга караганда, алар баары кечээ ар кайсыл аймактардагы жардырууларда набыт болушту. Чабуулдар түштүк жана чыгыш Ооганстанда орун алган эле. Ушул июнь айынын ичинде эле ал жакта 89 чет-өлкөлүк аскер уруштарда курман болду. Бул – Ооганстанда 2001-жылы согуш башталгандан берки бир айдагы эң чоң жоготуу.