Ооганстанда жаңы Ички иштер министри дайындалды

Бүгүн ооган парламенти президент Карзай сунуштаган армия генералы Бесмиллах Мохаммадини ички иштер министри кызматына бекитти. Генерал Мохаммади 2001-жылы талиптерди жеңген түндүк альянстын командири катары белгилүү. Дагы транспорт жана жарандык авиация министрлерине сунушталган эки адамдын талапкерлиги колдоо тапкан жок.