Казак президенти Кыргызстандагы референдумга мамилесин билдирди

Нурсултан Назарбаевдин айтымында, Казакстан Кыргызстанда өткөн “референдум өлкөнүн турукташуусуна негиз салат, элдин жакшы жашоого болгон үмүтүн актайт”,- деп үмүттөнөт. Ал бул тууралуу бүгүн Астанада ЕККУ уюмунун толеранттуулук маселеси боюнча жогорку деңгээлдеги конференциясында сүйлөгөн учурунда айтты. Назарбаев белгилегендей, “жакырчылык жана толеранттуулуктун жоктугу Кыргызстанды трагедиялык окуяларга алып келди”.