А.Бекназаров: Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн өзгөртүүгө кажет жок

Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров парламенттик шайлоо мөөнөтү мурда белгиленген 10-октябрда эле болгону туура деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шайлоону жайкы мезгилде өткөрүү биринчиден, ыңгайсыз. Экинчиден, башка партияларга да мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Шайлоо мөөнөтү Роза Отунбаеванын президенттик кызматка киришүү аземинен кийин расмий жарыяланмакчы.

Айрым маалыматтар боюнча, парламенттик шайлоо 5-сентябрда же 12-сентябрда өтөөрү айтылган. (КЕ)