6 талип өлдү, 5 адамды кошо ала кетти

Талип согушчандары Ооганстандын түндүгүндө АКШлык жардам көрсөтчү компаниянын кеңсесине жасаган чабуулда беш киши өлдү. Компания АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги-ЮСАИД  менен иштешчү. Чабуулдан британ, немец, филипин жана эки ооган полициячы набыт болгонун Кундуз провинциясынын акими Мохаммад Умардын билдирди. Талиптердин маалымдашынча,  кеңсеге алты жанкечти-согушчандар чабуул жасаган.