Ант берүү аземи

Роза Отунбаеванын ант берүү аземи эртең мененки саат 10до Улуттук филармонияда башталды.

Улуттук филармониянын ичи аземге чакырылган конокторго жык толду.

БШКнын төрагасы Акылбек Сариев Роза Отунбаевага президенттин күбөлүгүн тапшырды.

Роза Отунбаеванын ант берүү аземине убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да катышты.

Гимн жаңырып жаткан учур.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева ант берүү аземи учурунда

Ант бергенден кийин Роза Отунбаева сөз сүйлөдү.

Ант берүү аземине Кыргызстандагы дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, журналисттер, белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер чакырылган. Ант берүү аземи УТРК аркылуу түз көрсөтүлдү.

Ант берүү аземинде коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков президент Роза Отунбаева менен саламдашууда.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева жана коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков ант берүү аземинин соңунда куралдуу күчтөрдүн катарынан өтүштү.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева ант берүү аземинен кийин.