Германия Аргентинаны таза утту

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын бүгүнкү чейрек финалында Германия Аргентинаны мурда күтүлгөндөн да жеңил утуп, 4: 0 эсебинде жеңди. Муну менен Германия жарым финалга чыккан үчүнчү команда болду. Төртүнчү команда Испания менен Парагвайдын бүгүнкү мелдешинин жыйынтыгында аныкталат.