Нигерияда мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери чогулушту

Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Нигерияда мусулман лидерлеринин саммитине катышууда. 8 өлкөнүн жетекчилери экономикалык жана соода алакаларын өрчүтүү жолдорун талкуулоо үчүн чогулушту. D-8 деп аталган топко Бангладеш, Египет, Индонезия, Иран, Малайзия, Нигерия, Пакистан жана Түркия кирет. Кечээ Ирандын Нигериядагы элчилигинде сөз сүйлөгөн Ахмадинежад АКШны бардык глобалдык маселелерди көзөмөлгө алгысы келген “диктатура” деп атады.