Германия менен Уругвайдын командалары коло медаль үчүн беттешет

Түштүк Африкада өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат аяктайын деп калды, финалга чыкпай калган Германия менен Уругвайдын командалары бүгүн 3-орун үчүн ойношот, эртең алтын медаль Голландия менен Испания ортосунда талашка түшөт.