Д.Медведев менен А.Меркел Екатеринбургда жолугушат

Жолугушуу 14-15-июлда Екатеринбург шаарында өтүп жаткан орус-герман өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында күтүлүүдө. Орус президентинин жардамчысы Сергей Приходконун айтымында, жолугушууда Европадагы коопсуздук, Орусия менен НАТО жана Орусия менен Евробиримдик ортосундагы кызматташуу, эки тараптуу соода-сатык жүргүзүү каралат. Ошондой эле Медведев Меркелге Орусия, Украина жана Беларустун ортосундагы алакалар тууралуу маалымат берип, батыш Европаны жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга болгон аракеттер тууралуу сөз козгойт.