Анда биргелешкен донордук миссиянын өкүлдөрү Кыргызстандын бүджети, түштүк аймактагы жабыркагандардын турак-жайын салуу, жарандардын жашоо шартын калыбына келтирүү, мамлекеттик жана жеке обьектилерди реконструкциялоого көмөк көрсөтүшөрүн айтышты. Ошондой эле өлкөнүн энергетикалык системасы менен айыл-чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана Азия Универсал Банкка байланыштуу маселени жөнгө салууга жардам беришерин белгилешти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)