Пакистанда козголоңчулардын чабуулунан 18 адам өлдү

Өлкөнүн түндүк-батышында Ооганстан менен чектеш жерде аскерлердин коштоосунда бараткан унааларды козголоңчулар аткылашты. Набыт болгондордун көбү жөнөкөй тургундар экени айтылууда. Акыркы айларда өкмөттүк аскерлер ушул аймактагы операцияларында 100дөн ашуун козголоңчуну өлтүрүшкөн эле.