Эгемендикти алгандан бери биринчи жолу республикалык бюджеттен 50 млн сом Нарын шаарынын борбордук көчөсүн оңдоого бөлүндү. Мындай маалыматты аталган шаардын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров билдирди. Август айынан баштап Нарын шаарынын 64 аймагынан Городок аймагына чейинки төрт жарым чакырым жол толугу менен асфальтталат. Асфальт жата турган жолдун туурасы 8-14 метр, асфальттын калыңдыгы 8 см болот. Убакыттын тардыгына байланыштуу тендер өткөрүлбөйт, жолду оңдоого катыша турган фирмаларды атайын комиссия чечет. Учурда жолду оңдоо долбоору менен эки кыргыз, бир казак компаниясы таанышууда . (JI).