Токтогулда өткөн курултай акимди алмаштырды

Район борборунда өткөн курултай акимдин кызматына 20- июлда эл олтургузган Тынчтык Иманалиевди бекитүү чечимин кабыл алды. Аталган чечим президент Роза Отунбаеванын наамына жибериле турган болду. Бул тууралуу “Токтогул, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын жаштары” уюмунан Нурболот Кожобергенов билдирди. Анын айтымында, курултайга катышкан 300дөй адам 7-апрелде каза болгондордун арбагына куран окутуп, буга чейин районду башкарган Сатылган Арстанбековдун кызматтан кетүүсүн жана Камбар-Ата – 2- ГЭСинин 5 пайыз акциясын Токтогул районуна ыйгарууну талап кылды. Курултайда апрель ыңкылабына катышкандардын укугу корголбогону, эски бийликти колдогондор кызматта жүрүшкөнү белгиленди. 7- апрелде Бишкекте болгон окуяда райондун бир жараны каза таап, эки тургуну жараат алган.

12-июлдан бери райондун акими болгон Сатылган Арстанбеков болсо курултайдын чечими мыйзамсыз экендигин, райкеңештин сессиясы өзүнө ишеним көрсөткөнүн билдирди. (YA)