Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 18 млрд. 649 млн. кубметрге жетти

Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда 2009-жылы 28-июлга карата суунун көлөмү 11 млрд. 028 млн. кубметр болгон.
Бүгүнкү күнү Токтогул суу сактагычынан секундасына 321 кубметр суу агызылса, былтыр суунун чыгашасы 463 кубметрге жеткен. (AJ)