Июндагы коогалаңда Кара-Суу району 700 миллион сомдой зыян тартты

Бул туурасында Кара-Суу районунун акими Байыш Юсупов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, этностор аралык кагылышуу убагында 709 үй жана 94 мамлекеттик имарат талкаланып, өрттөлгөн. Учурда жабыркагандардын дээрлик бардыгы суук түшүп бараткандыгын белгилеп, турак-жайларды куру иштерин эртелетүүнү бийликтен өтүнүп жатышат.

Буга дейре президент Роза Отунбаева карасуулуктар менен жолугушууда үйсүз калгандардын бардыгы кыш келгенче жаңы конушка көчүп кире турганын айткан. (ATo)