Жалал-Абад коменданты чагымга алдырбоого чакырды

Жалал-Абад облусунун коменданты, облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Станбек Бакиров Жалал-Абад облусунун жашоочуларына жана конокторуна кайрылып, ар кандай чагымчыл кептерге, ушак-айыңдарга ишенбөөгө чакырды.

Комменданттын айтымында, Сузак районунун Багыш, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү дүкөнчөлөрдүн алдына калкты 6-августта ЕККУ полициясына каршы Телтору атмайданына чакырган баракчалар топ-топ болуп ташталган. Станбек Бакиров өз кайрылуусунда Жалал-Абад облусунун айрым аймактарына өзгөчө кырдаал абалы киргизилгендигин белгилеп, тиешелүү мыйзамга ылайык андай аймактарда кандайдыр бир акцияларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгын эскертип өттү.

Мындан сырткары, Жалал-Абад аймагында ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун киргизилишинин маңызы боюнча калкка түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлбөгөндүктөн айрым нааразычылыктар болуп аткандыгын айтып, ЕККУ полициясы куралсыз келип, кеңеш берүү максатында гана келерине токтолду. (IJz)