“Ата мекен” партиясынын кезектеги съезди өттү

Кечээ Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда “Ата мекен” партиясынын VIII съезди өттү. Партиянын маалымат кызматынын жетекчиси Александр Кулинский “Азаттыкка”билдиргендей, съездде партия лидери доклад менен чыгып, партиянын буга чейинки ишмердүүлүгү, келечектеги пландары, 7-апрель жана июндагы окуялар тууралуу айтып берди.

Айта кетсек, “Ата мекен” партиясынын VIII-съездинин ачылышы 7-августта Бишкектин Спартак стадионунда өтүп, ири концерттик программа менен коштолгон. (IJz)