Анкарада полиция штабынынын жанынан бомба табылды

"Анадолу" жаңылыктар агенттигинин билдиришинче, желим баштыкка салынган бомбаны кимдир бирөө шаардын Искитлер районундагы полициянын атайынын күчтөрүнүн штабынын жанына калтырып кеткен. Си-Ен-Ен-Түрк телеканалы адистер 365 килолук бомбаны иштен чыгарганын маалымдады.

Буга дейре Түркиянын бийликтери Анкарада жана башка  чоң шаарда болгон бомба чабуулдары үчүн ислам экстремисттерин жана күрт жикчилерин күнөөлөгөн.