Июнь окуяларынан жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 11-июндан баштап Ош облусунда 2213 адамга, Жалал-Абадда 2300 жабырлануучуга психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Республикалык психикалык ден-соолук борборунун адистеринен мобилдүү топтор түзүлүп, 15-июлдан 14-августка чейин 13 адис Ош жана Жалал-Абадда психологиялык жардам кызматында иштеген. 15-августан 23-июлга чейинки мөөнөт үчүн дагы 11 адис Кыргызстандын түштүгүнө жөнөтүлгөнү турат.
Мындан тышкары психикалык ден-соолук борборунда эмгектенген психолог, психиатрлардын адистигин жогорулатуу үчүн орусиялык атайын адистердин Кыргызстанга келиши да күтүлүүдө. Алар “Өзгөчө кырдаалдарда психологиялык жана психотерапевтик жардам көрсөтүү” багытында кыргызстандык 20 адисти окутушмакчы. (KKs)