Кытайдагы жарылуудан 19 адам каза тапты

Кытайдан түшкөн кабарларга караганда, катуу жарылуу өлкөнүн түндүк – чыгышында фейерверк чыгаруучу заводдо болгон. Андан кеминде 19 адам каза тапкандан тышкары 150дөн ашуун киши да жаракат алды. Окуя кечээ болгон. Жарылуу орун алган жерден 2000ден ашуун тургун эвакуацияланган.