Кыргызстан Украина менен кызматташууга кызыкдар

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Владимир Соловейди кабыл алган учурда белгиледи. Жолугушууда А.Муралиев өлкөдөгү кырдаал жана коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу багытында көрүлүп жаткан чараларды жана эки тараптуу кыргыз-украин мамилелерин өнүктүрүү зарылчылыгын белгиледи. Өз кезегинде Украин элчиси ушул жылдын соңунда Киев шаарында эки тараптуу кызматташууну бекемдөө багытында өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү сунушун билдирди. (КЕ)