Эл аралык базарда мунай баасы өстү

Баа АКШнын соңку экономикалык жаңылыгын коштой өстү. Кечээ күнкү сооданын жыйынтыгында кара майдын бир баррели АКШда 75 доллар 77 цент, Европада 76 доллар 93 центке чейин көтөрүлдү. Ага чейин мунай басы беш күн боюу катары менен арзандаган эле. Баа көтөрүлөр алдында АКШда корпорациялардын кирешеси жана өнөр жай продукциясы өскөндүгү белгилүү болгон. Соңку маалыматтар АКШнын өнөр- жай продукциясы өткөн айда экономисттер күткөндөгүдөн эки эсеге көбөйгөнүн көргөзгөн.