Шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 56га түштү

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимовдин “Азаттыкка” билдиргениндей, 15-августка чейин шайлоого катышуу ниетин билдирген 57 партиянын бирөөсү шайлоого баруудан баш тартты. Натыйжада 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 56га түштү.

Учурда партиялар каржы фондун түзүп, курултайларын өткөрүү менен 120 кишиден турган кишилердин тизмеси тактоо боюнча иш алып барышууда. (KKs)