Жүздөн ашык куралдар жана аскердик төрт унаа кайтарылды

Ушул тапта Ош жана Жалал-Абад облустарындагы коогалаң учурунда жарандардын колуна өтүп кеткен куралдардын кыйласы кайтарылды. Бүгүнкү күнү аскер бөлүктөрүнө 121 ок атуучу курал, 14 707 даана ок-дарылар, төрт аскердик унаа кайтарылып берилди. Бирок дагы деле болсо жарандардын колунда аскер бөлүктөрүнөн алынган 184 атуучу куралдар, 24 252 даана ок-дарылар кала берүүдө.

Аскер прокуратурасы тарабынан “аскер бөлүктөрүнө кол салуу, куралдарды тартып алуу жана таркатуу” деген негизде 23 кылмыш иши иликтенүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет. (IJz)