Ноокат райкеңешинин депутаттары ЕККУ полициясы киргизилишине каршы

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облусуна караштуу Ноокат райондук кеңешинин төрагасы Шамырза Абдибаитов кабарлады. Анын айтымында, мындай чечим 25-августта Ноокат райондук кеңешинин депутаттарынын жыйынында кабыл алынган. “Кыргызстан ички маселесин өзү гана чечиши керек. Бизде азыр жетишерлик күч түзүмдөрүбүз бар”, - деди Ш.Абдибаитов. Райондук кеңештин депутаттары Кыргызстандын менталитетин түшүнбөгөн сырттан келген күчтөр кырдаалды курчутуп жибериши ыктымал деп кооптонушууда. Ошондой эле алар түштүктөгү коогалаңда жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекеттен жардам көрсөтүү зарылдыгын белгилешкен. Аталган райондон кандуу капсалаңда 7 адам каза тапкан.

Өз кезегинде расмий бийлик ЕККУ полициялары куралсыз болуп, кеңеш берчү гана топ экенин белгилеп келет. Кийинчерек алардын Бишкек шаарында жайгашуусу ыктымалдыгы да айтылган. (КЕ)