Муратаалы Күреңкеевдин 150 жылдыгына арналган китеп чыкты

Комузчу, кыл кыякчы, чоорчу, домбурачы Муратаалы Күреңкеевдин чыгармачылыгын, өмүр таржымалын баяндаган бул китепти музыка изилдөөчү Балбай Алагушев жазып чыккан. Автордун “Азаттыкка” билдиришинче бул китеп жалпыга билим берүүчү, музыкалык окуу жайлардын окуучуларына, студенттерге жана музыка сүйүүчүлөргө пайдалуу жана кызыктуу болот. (KKs)